Унаада Кытай жаранынын 100 миң доллардан ашык акчасын ташып баратышкан. Кара-Суу шаарындагы куралдуу тоноонун чоо-жайы

Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы куралдуу тоноонун чоо-жайы белгилүү болду. Окуя кечээ, 13-декабрда болгон. Ош ОИИБдин маалыматы боюнча, саат 10:05 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө куралдуу тоноочулук болуп жатканы боюнча кабар келип түшкөн. Аталган маалымат электрондук журналга катталып, алгачкы текшерүү иштердин жүрүшүндө окуянын жагдайлары аныкталды.

13-декабрь күнү саат 10:00 чамасында Нурахунов көчөсүндө белгисиз үлгүдөгү унаа күйүп жатканын аталган жерде кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлдөрү көрүп, унаанын жанына барган учурда ошол жерде турган адамдар «тоноп кетти» деп 20-25 жаштагы 3 эркек кишини көрсөтүшкөн. Ыкчам кызматкерлер аларды кармаганга аракет жасаган учурда каршылык көрсөтүп, 9 мм «ПМ» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен кол салышкан. Тактап айтканда, Кара-Суу РИИБдин ыкчам өкүлүнө ок атуучу курал менен бет маңдайына кезеген мезгилде криминалдык милиция кызматынын кызматкери анын колунан кармап, жогору карай көтөрүп жиберген учурда ал аталган куралдан асманга карай 2 жолу ок чыгарып жиберген. Кызматкерлер шектүүгө карата самбо ыкмасын колдонуп, аны жерге жыгылтып, аталган ок атуучу куралды алышкан. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) 4-бөлүмүнүн 1-пункту менен каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тергөө учурунда, 13-декабрда саат 10:00дө Ош шаарынын тургуну — 1982-жылы туулган жаран шериги менен бирге Хонда Жазз үлгүсүндөгү унаа менен Кытай Эл Республикасынын Лю аттуу жаранына тиешелүү болгон 109 миң долларды жана өздөрүнүн 5 миң 250 долларын дагы бир жаранга жеткирүү максатында Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө жогорудагы унаа менен бара жаткан учурда аларга карама-каршы жол тилкесинде келе жаткан Дэу Лачетти үлгүсүндөгү унаасы алардын унаасынын капталына сүзүп, жол четиндеги арыкка түшүрүп, токтотушкан. Андан соң Дэу Лачетти үлгүсүндөгү унаадан медициналык бет кап кийген, белгисиз үч адам түшүп, ок атуучу куралдары менен Хонда Жазз үлгүсүндөгү унаанын алдына келип, ичинде отурган жарандын оң бутуна пневматикалык тапанча менен бир жолу атып, мындан тышкары аны уруп, акча каражаттарын карактап алышып, өздөрү айдап келген унаа менен окуя болгон жерден качып бара жаткан учурда Кара-Суу шаарынын Алишер Навои көчөсүнө жеткен мезгилде белгисиз себептерден улам Дэу Лачетти унаасы күйүп кеткен.

Ошондой эле окуя болгон жерден жана кылмышка шектүүлөрдүн үйүнөн алынган буюмдарга экспертизалар дайындалды. Ал эми жабырлануучулардын жана шектүүлөрдүн алган жарааттарынын деңгээлин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Бүгүн, 14-декабрда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (каракчылык) 3-бөлүмүнүн 3-пункту боюнча көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары башталды.