Унаада 15 жаштагы кызды уруп «суракка алган» видео 2 жыл мурун тартылган. Милиция окуя тууралуу маалымат берди (видео)

Социалдык тармактарга тараган жашы жете элек кызды унаада коркутуп, уруп «суракка алган» эркектин видеосу боюнча Ош ОИИБ маалымат берди.

-Окуяны тактоо иштеринин жүрүшүндө видео Ош облусунун Ноокат районунун аймагында тартылгандыгы аныкталган. Ошондой эле видеотасма тартып суроо берип жаткан жаран Ноокат районунун мурда 3 ирет сот жообуна тартылган тургуну экендиги аныкталган.

Окуя 2020-жылы тартылганы маалым болду. Ноокат районунун Арал айылынын 31 жаштагы жашоочусу Б. Э. Ноокат шаарындагы “Ноокат жаштары” деп аталган кайрымдуулук фондунда иштеп жүрүп, Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу 17 жаштагы (таанышкан кезде 15 жашта болгон) С. кызы Г. менен таанышкан. Ошол маалда чогуу иштеп жүргөн Б. аттуу Талас шаарынын тургуну менен кызды кайрымдуулук фондунун кызматкерлери тарабынан топтолгон 10 000 сом акчасын эч кимден сурабастан уурдап иштетип жибергени боюнча өз ара чечишип алуу максатында уюлдук кол телефонуна тарткандыгы аныкталган.

Кийинчерээк Р. аттуу азыркы күндө өздүгү тактала элек жаран өзүнүн Инстаграм баракчасына «ушул атуулду ким тааныйт?» деп суроо салып жүктөгөн.

Окуя боюнча эч ким тийиштүү органдарга арыз менен кайрылган эмес. Азыркы күндө аталган материал боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Андан сырткары кылмышка шектүү Б.Э. төмөндөгү кылмыш иштерди жасагандыгы аныкталды:

2022-жылдын 27-июль күнү Ноокат шаарында Ноокат районунун тургуну, 26 жаштагы Т. уулу Р. менен уруша кетип, ич тарабына өзү менен алып жүргөн аш бычак менен бир жолу сайып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Аталган маалымат боюнча кылмыш иши козголуп, Б.Э. качып жүргөн жеринен кармалып, 2022-жылдын 28-июлунда Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киризилди.

Андан сырткары, шектүү Б.Э. бир ай мурун дүкөнгө кирип, коркутуп кутучадага алып кеткендиги мааалым болду.