Унаадан башын чыгарып алган жүргүнчү үчүн айдоочу айыпка жыгылды

Унаадан башын чыгарып автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Социалдык тармактарда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаадан жүргүнчү башын чыгарып, автоээнбаштык жасагандыгы боюнча видео тараган. Бул факты боюнча Ысык-Көл ЖКККБ айдоочуну издеп таап, автоээнбаштык жасагандыгы үчүн айдоочусуна 15 миң сом айып салып, унаасын айып короо жайына токтотушту.