Унаадан белине чейин чыгып алган жүргүнчү үчүн айдоочуга айып салынды

Унаадан башын чыгарып авто ээнбаштык жасаган айдоочуларга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Факты боюнча Каракол ШИИБдин кызматкерлери айдоочуларды издеп таап, авто ээнбаштык жасагандыгы үчүн айдоочуларга 15 миң сом айып салып, унаасын айып короо жайына токтотушту.