«Унаадан бычагын алып чыгып, көкүрөккө сайган». Ошто адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Ош шаарында адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаардык «Тез жардам» кызматы тарабынан 12-август күнү саат 23:30 чамасында милицияга Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө Ош шаарынын 1964-жылы туулган тургуну оор абалда жеткирилип, алган жаракатынан ооруканада каза болгону айтылган. Маркумду кароо учурунда анын сол көкүрөгүндө миздүү буюмдан алган жараты бар болуп, кан көп кеткендиги аныкталган.

Бул оор кылмышка шектүү катары 14-август күнү эртеӊ менен саат 05:00 чамаларында аны менен бир кичи райондо жашаган 1961-жылы туулган жаран кармалган. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү менен каза болгон жарандар мурда тааныш болушкан. 12-август күнү Ош шаарындагы «Винт» бильярд клубунда жолугушуп, бильярд ойноп жатып алкоголдук ичимдиктерин ичишкен. Бильярд клубунан чыгышып, шектүүнү үйүнө барышып дагы спирт ичимдиктерин ичүүнү улантышкан. Көчөгө чыгышып, өз ара чырдашып, андан соӊ мушташып кетишкен. Кесепетинен шектүү унаасынан бычак алып чыгып, маркумдун сол жак көкүрөгүнө сайып жиберген. Шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилип жатат.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кылмыш кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) белгилерине ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.