«Унаадан табылган 4 жансыз дене». Ош ШИИБ 16 жыл мурда кесиптештери өлтүрүлгөн окуяны эске салды

Ош ШИИБ кыргыз милициясынын 100 жылдык урматына жана коопсуздуктун сакчылыгында турган бардык милиция кызматкерлерине арналат деп пост жарыялады. Анда кеп 16 жыл мурун кызмат учурунда өлтүрүлгөн 2 жол тескөөчү жана наркология бөлүмүндө иштеген дарыгер жөнүндө болмокчу.

2008-жылдын 17-июль күнү эртең менен Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда байланышка чыккан адам Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде токтоп турган Дэу-Тико үлгүсүндөгү унаанын ичинде бир нече адамдын жансыз денеси канга боёлуп жатканын билдирген.

Кабар берген адам унаанын жабылган эшиктеринен куюлуп жаткан канды көрүп, терезесин карап, андагы жансыз денелерди көргөндүгүн айткан. Жерине Ош ШИИБдин башчысы, ыкчам тергөө тобу менен биргеликте Ош ШИИБдин ыкчам кызматкерлери, прокуратуранын, соттук- медициналык экспертизанын өкүлдөрү барышкан. Токтоп турган кызыл түстөгү Тико үлгүсүндөгү унаанын ичинен 4 адамдын жансыз денеси табылган. Алардын баары баштарына тийген октон улам каза болгондугу көрүнүп турган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын учурунда алардын ким экендиги тез эле аныкталган.

«Алар Ош ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугунун инспекторлору М.Сактанов, К.Асранов, шаардагы наркологиялык диспансердин дарыгери Д.Хамидов жана жеке таксист Н.Касымов болчу. Милиция кызматкерлери түнкү кызматта, дарыгер түнкү сменде, ал эми таксист түнкү кызматын аткарганы үйдөн чыгып кеткени маалым болду. Шаарда “Сирена” планы ишке киришип, шаардын чет-жакаларына блок-посттор орнотулду. Эми Ош ШИИБдин милиция кызматкерлеринин алдында бул кылмыштын бетин ачуу боюнча күн-түн дебей иштөө, талыкпаган эмгек күтүп турган эле.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жардамга келген башка оперкызматкерлер менен биргеликте бул өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча бир нече божомолдорду түзүп, анын үстүнөн иштей башташты. Ал божомолдордун арасында “кылмышкер куралдан ок атууну мыкты өздөштүргөн террордук топтун, же болбосо, куралдуу күчтөргө тиешеси бар адам болушу мүмкүн” деген божомол дагы бар эле. Кийин убакыт көрсөткөндөй ошол божомол чын болуп болуп чыкты. Шаарда 600дөн ашуун үйлөр, миндеген унаалар текшерилди. Өзгөчө түнкүсүн ошол Тико токтогон аймакка кирип чыккан Хундай-Старекс үлгүсүндөгү унаалар өзгөчө текшерилип, республикадагы бардык бул үлгудөгү жүздөгөн машиналар текшерилди. Жыйынтыгында алардын бул кылмышка тиешеси жок экендиги аныкталган.

Издөө учурунда шаардагы дискоклубдарынын биринин чатырынан наркологиялык диспансердин каттоо журналы табылган. Анда акыркы болуп 17-июлда катталган Дильшод деген адамдын аты жазылган болчу. Текшерүү учурунда ал адам кылмыш чөйрөсүндөгү адам экендиги жана кылмыш болгон учурда жаза өтөө мекемесинде жазасын өтөп жаткандыгы аныкталды. Милиция кызматкерлеринде “атайын жалган аты-жөнүн жаздырган адам-бул кылмышка тиешеси болсо керек” деген аныктама пайда болуп, ал адамды табуу боюнча кошумча тапшырмалар менен иштей башташкан.

2008-жылдын 21-июль күнү кылмышка шектүү адамдын өздүгү, жашаган жери жана иштеген жери аныкталып, аны кармоо иштери уюштурулган. Атайын отряддын жардамы менен Ош шаарындагы чек ара бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөгөн Жалалдин Гапиров кызмат ордунда кармалган. Кармоо ишин ошол кездеги Ош ШИИБнын жетекчиси Азиз Тешебаев жетектеген. Ал кармалган учурунда эле бул өзгөчө оор кылмышка баргандыгын мойнуна алган.

Тергөө иштеринин маалыматына караганда чек ара кызматынын байланыш кызматынын кызматкери Жалалдин Гапиров — Баткен коогалаңынын катышуучусу. Согуштук тажрыйбасы бар. Ошол түнү кызматта болгон. Бирөөлөрдөн 25 миң сом карызы тынчтык бербей, аны кайтаруу боюнча эң оор, адам өмүрүн алган кылмышты — бирөөнүн Тико унаасын тартып алып, аны сатууну көздөгөн. Ага чейин куралканадан түнкүсүн зериге тургандыгын айтып, өзүнүн табелдик куралын “тазалап турайын” деп алган. Арам оюн ишке ашыруу максатында түнкүсүн кызмат ордун таштап чыгып, адегенде оор кылмыш жасоо алдында өзүн психологиялык жактан даярдоо үчүн 200 грамм арак ичкен. Алгачкы курмандыгы болгон таксист Н.Касымовду тоскон. Кырсыктан бейкабар таксистти шаар четине айдатып, унаадан шылтоо менен түшүрүп, баш жагына атып, Тиконун арткы орундугуна жүктөгөн.

Жолдо жол кыймылынын коопсуздугунун кызматкерлерине кабылып, алар айдоочу-кылмышкерди наркологиялык диспансерден каттоодон өткөрүшкөн. Милиция кызматкерлери арттагы адамдын ким экендигин сураганда “таанышым, мас болуп уктап калды” деп алдап койгон. Наркодиспансерде Ж.Гапиров өз атын жашырып, сырттан тааныган адамдын, Дильшод деп, жалган маалымат менен каттаткан. Инспекторлор унааны атайын токтотуучу жайга алып бара турган учурда өз кылмышынан корккон Ж.Гапиров эки инспекторго капыстан ок чыгарып, аларды башка атып өлтүргөн. Андан соң, күбө катары көрүп-билип калган дарыгердин көзүн тазалоо үчүн кайрадан наркодиспансерге келип, дарыгерди сыртка чакырып чыгып, аны дагы башка аткан. Андан соң бардык маркумдардын чөнтөктөрүнөн болгон акчаларды, инспектордун тапанчаларын алып, унааны шаар көчөлөрүнүн бирине токтотуп, жөө келе жатып, наркодиспансерден алган документтерди дискобардын чатырына ыргытып, эч нерсе болбогондой таңга маалы өз кызмат ордуна барып калган.

Ошентип, Жалалдин Гапировдун 25 миң сом карызы 4 адамдын өмүрүн кыйган.

Кылмыштын бетин ачуу учурунда анык болгон айрым маалыматтар:

Тергөө иштери аяктап, Ош горнизонунун аскердик сотунун чечими менен аскер кызматкери төрт адамды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркининен ажыратылган», — деп айтылат маалыматта.