Унаага чана илип, ага балдарды отургузуп алган айдоочу айыпка жыгылды

Балдарды эч кандай коопсуздук эрежелерин сактабай, чанага отургузуп, сүйрөп алган маршруттук унаанын айдоочусуна карата айып пул салынды. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.

«Бишкек шаардык кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан 7500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.