«Унаага отургузуп, коркутуп…» Чүйдө 28 жаштагы жигит 13 жаштагы кызга ыплас аракет кылган делүүдө

иллюстрация

Айрым интернет сайттары аркылуу жарыялаган милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жаранга карата кыйноо болгондугу тууралуу маалымат боюнча Чүй ОИИБдин маалымат кызматы үн катты.

Маалыматка караганда, 25-июнь күнү Токмок ШИИБге арыз менен 1979-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, жакын туугандарынын биринин 2008-жылы туулган кызына карата 25-июнь күнү кошуна эркек балдардын бири ыплас аркеттерди кылганын билдирген.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 165-беренеси (ыплас аракеттер) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда жабырлануучу кыз, мыйзамдуу өкүлү жана социалдык өнүктүрүү кызматкерлеринин катышуусунда суралып, ал 25-июнь күнү болжол менен саат 00:00 чамаларында коңшу эркек бала аны унаага отургузуп, коркутуп, шымын чечип кармалап баштаган. Кийин анын туугандары издеп баштаганын көрүп коё бергенин билдирген.

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы жарандын өзүдү такталып, анын 1993-жылы туулгандыгы аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Алгачкы көрсөтмөсүндө ал болгон окуяны мойнуна алган.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык өспүрүм кыздын кийимдеринде жогорудагы эркек баланын биологиялык издери бар экендиги маалым болгон.

30-июнь күнү аталган кылмышка шектелип, милиция кызматкерлери тарабынан жогоруда айтылган жигит кармалып камакка алынып, кийин соттун чечими тергөө абагына камакка алуу чечим тандалган.

«Айта кетчү жагдай, кылмышка шектүү жаран экспертизанын корутундусун алгандан кийин, милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо болгонун айтып, көрсөтмөлөрүн өзгөртүп баштаган. Андан сырткары, шектүүнүн туугандары жана шектүү тарабынан экспертизанын жыйынтыгы чыкканча эле өспүрүм кызга жана анын туугандарына карата кысым болуп келгенин өспүрүм кыздын мыйзамдүү өкүлү жана башка мамлекеттик органдар билдирген. Белгилеп кетүүчү жагдай, териштүү иштеринин жүрүшүндө өспүрүм кыз өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда көрсөтмө берүүдөн баш тартып, ал тууралуу акт түзүлгөн. Кийин өспүрүм кызга мыйзамдуу өкүл катары социалдык өнүгүү кызматынын өкүлдөрү бектилип, кыз реаблитациялык борборго жайгаштырылган. Чүй ОИИБ жогорудагы окуя боюнча кылмышка шектүүнүн жактоочусу тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына таркаткан билдирүүсү чындыкка дал келбесин билдирет. Ал эми кыйноо фактысы боюнча материал УКМК тарабынан каралууда»,- деп айтылат маалыматта.