Унаалардын катализаторлорун сатып алуу жана экспорттоо үчүн түзүлгөн мыйзамсыз каналдын ишине бөгөт коюлду

Унаалардын катализаторлорун сатып алуу жана экспорттоо үчүн мыйзамсыз каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-февралда Литва Республикасына автомобилдик катализаторлорду экспорттоо учурунда салмагы 2 тоннага жакын контрабандалык жүк кармалган. Мындан сырткары, 9-апрелде Бишкек шаарындагы автомобилдик катализаторлорду чогултуп жана сатып алып жүргөндөр боюнча 12 пункттун иши табылган, ал жакта чет өлкөлөргө жөнөтүү үчүн сакталып турган көп сандагы кайра иштетилген субтракттар жана унаа катализаторлору алынган.

Азыркы учурда УКМК унаа катализаторлорунун контролсуз сатып алынышын жана экспорттолушун кыскартуу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында, мамлекеттик кызматкерлердин ушул коррупциялык схемага катышы бардыгын аныктоо боюнча керектүү комплексттик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.