Унааны айланып дрифт жасаган айдоочу аныкталды (видео)

Автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Социалдык тармактарда май куюучу жайлардын биринде BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу атайын автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видео тараган.

Бул факты боюнча унаанын ээси табылып, 15 миң сом айып салуу менен унаасын айып короо жайына токтотулду.