Унааны буту менен башкарган айдоочуга 8500 сом айып салынды (видео)

Социалдык тармактарда буту менен унаа башкарган айдоочуга 8500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашты.

Автоунааны буту менен башкарып, ээнбаштык жасаган айдоочуга милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан авто ээнбаштык жасагандыгы жана коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 2 протокол толтурулуп, 8500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Ошондой эле айдоочу мындан ары мындай жорук жасабасын айтып, жалпы коомчулуктан кечирим сурады.