«Унааны суу агызып кеткен». Оштогу сел бир адамдын өмүрүн алды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымында 1 жеңил унааны сел суусу агызып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Унаанын ичинде 1 эркек, 2 аял жана 1 бала болгон. 2 аял менен баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал эми унаанын айдоочусун сел агызып кеткен.

Издөө иштерине Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 11 куткаруучу тартылып, эркек кишинин жансыз денеси табылып, сайдан чыгарылып, туугандарына өткөрүп берилген.