«Унаада 3 адамдын тирүүлөй күйүп кетишине ким жооп берет?» Жол кырсыкта каза болгон маркумдардын жакындары акыйкаттык издейт

17-ноябрда Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, анда жеңил унаа менен УАЗ сүзүшкөнү маалым болгон. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилген. Кылмышка шектүү катары жеңил унаанын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Дал ушул жогорудагы жол кырсыкта «Түндүк электр» ишканасынын каза болгон үч кызматкеринин жакындары адилеттик издейт. Алардын айтымында, шектүү эркиндикке чыгып кеткен. Жакындары Ысык-Ата райондук соту, Чүй облустук соту шектүүнү бошотуп жибергенин айтышты.

“Бул факты боюнча камалган кишини сот эртеси эле коё берип койгон. Камалган кишинин жакындары «соттор менен сүйлөшүп алышса керек» деген күмөн оюбуз бар. Анан каза болгон маркумдардын бир туугандары адилеттик издеп, Баш мыйзамдын кепилдиги, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин коргоочулары катары президент Садыр Жапаровго, Жогорку Сотко, УКМКга, Башкы прокуратурага кайрылып, арыздарын бердик. Биз жакындарыбыздан айрылып, аза күтүп отурсак, күнөөлүүлөр эртеси эле эркиндикке чыгуусун соттордун адилетсиздиги катары баалайбыз. Ошондуктан бардыгын мыйзам чегинде карап бериңиздер деп суранабыз. Биз бул маселени ушул жабык бойдон калтырбайбыз жана күнөөлүү адамдар өз жазасын алмайынча тынч отура албайбыз”, — дешти маркумдун жакындары.