Унаанын терезесинен белине чейин чыгып алган жүргүнчү. Айдоочуга айып салынды

Унаадан тулку боюн чыгарып, автоээнбаштыка жол берген айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Аламүдүн районунун Чуңкурчак эс алуу жайынан Арашан айылына бара жаткан КИА Карневал үлгүсүндөгү унаасынын ичинде бара жаткан жүргүнчүлөр унаадан тулку боюн чыгарып, бейбаштык кылгандыгы үчүн айдоочусуна Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык, 15 миң сомго айып салынып, унаасын айып короо жайына киргизилди.