«Унаасы менен аты Баткенде табылган». Өзгөндө 23 жаштагы жигитти өлтүрдү делген жаран кармалды

Мындан эки күн мурда милициядан Өзгөндө 23 жаштагы жигит киши колдуу болгонун билдиришкен. Бүгүн, 2-мартта кылмышка шектүү кармалганы маалым болду.

27-февраль түнү Өзгөн районунун Жыланды айылында өзүнүн жашаган үйүндө 23 жаштагы жарандын жансыз денеси үйүнүн бөлмөсүндө жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: 1999-жылы туулган жарандын киши колдуу болуп, үйүнүн бөлмөсүндө жаткан жеринен табылган, маркумдун баш бөлүгүндө миздүү кандайдыр бир буюмдан сокку алгандыгы аныкталган. Жарандын каза болгон жеринде кароо жүргүзүлүп, анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлгөн, окуя болгон жерден далил буюмдар алынган. Жансыз денеге окуя болгон жерде кароо жүргүзүлүп, эксперттин айтуусунда маркумдун баш бөлүгүндө миздүү буюм менен 3-4 жолу сокку болгондугун билдирген. Жансыз дене Өзгөн райондук өлүкканасына жеткирилип, экспертиза дайындалган.

27-февралда милиция кызматкерлери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы иштердин жүрүшүндө маркум жаранга тийиштүү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа табылган жана унаа менен кошо уурдалып кеткен маркумдун минген аты табылган, аларга кароо жүргүзүлүп кылмыш иши боюнча далил буюм катары алынган. 1-мартта Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан мейманканалардын биринен кылмыш шектелип, мурда соттолгон 1974-жылы туулган жаран кармалды. Шектүү окуя боюнча суракка алынып, жасаган кылмышты толугу менен мойнуна алган, ал Өзгөн РИИБдин абагына киргизилди. Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.