«Унаасы менен кийимдери суу жээктен табылган». Ошто 27 жаштагы жигит дайынсыз болуп жатат

Ошто 27 жаштагы жигит Ак-Буура-Араван каналынан изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жигит 28-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. ИИМдин кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада Ак-Буура-Араван каналынын жээгинде унаасы жана кийимдери табылган.

30-июнь күнү издөө иштерин жүргүзүү максатында Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 18 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, саат 18:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн, 1-июль күнү улантылат.