Унаасы менен Папан суу сактагычына чейин кирип кеткен дагы бир айдоочу табылды

Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын ээси Ош шаарынын тургуну таза сууну булгагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Унаасы убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, протокол түзүлүп, 15 миң сом өлчөмүндө айып салынды.