«Унаасы оодарылып калган». Таласта 27 жаштагы жигит мүрт кетти

8-декабрга караган түнү Таласта жол кырсыгы катталып, 1995-жылы туулган жигит көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында Суусамыр-Талас-Тараз жолунда катталган. Кара-Буура районунун Чымгент айылынын 1995-жылы туулган тургуну Ауди 80 унаасы менен рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, унаасы оодарылып кеткен. Айдоочу окуя болгон жерде көз жумган.