«Унаасын айып короодон чыгарып берем деп». Бишкекте жалган милиция кызматкери кармалды

Мас болуп кармалган айдоочунун маселесин чечип берем деп, акча алган жалган милиционер кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

11-августта ИИМдин Ички иликтөө кызматына Сокулук районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда ички иштер министрлигинде иштеген Назира аттуу кызматкерине чара көрүүнү суранган, себеби ал ушул жылдын 4-августунда мас абалында унаасын башкарып жүрүп кармалып, Бишкек шаардык ички иштер Башкы башкармалыгына караштуу айып короосуна унаасы токтотулган. Анан ушул ишти оң тарапка чечип берем деп 30 миң сом акча каражатын алып, бирок айтылган убадасын аткарбай ар кандай шылтоолор менен качып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза Кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. 16-августта Бишкек шаарынын тургуну 40 жаштагы Назира кармалып, далил буюмдар жана акча каражаттар алынды. Кылмышка шектүү катары кармалган аял милицияда таптакыр иштеген эмес.