Унаасын каршы тилке менен айдаган айдоочу айыпка жыгылды (видео)

Унаасын каршы тилке менен айдаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, айдоочуга жол эрежесин бузгандыгы үчүн 15 миң сом айып салынган.

Урматтуу жарандар, эгерде жолдон эреже бузган фактыларына күбө болсоңуз, 0777 102-102 ЖКККББнын ишеним номуруна жөнөтүп койсоңуз болот.