Унаасынан түшө калып жаранга кол көтөргөн айдоочунун видеосу тарады

«Дордой» базарына жакын жердеги айланма жолдо айдоочу жолдун жээгинен өтө албай, жөө жүргүнчүгө кол көтөргөн видео тарады.

Видеодон айдоочунун жол тыгынынан «качып» унаасын жолдун жээги менен айдап бара жатканын көрүүгө болот. Айдоочу жол жээкте кетип бара жаткан жаранга бир нерсе деген соң, айдоочу түшө калып, ага кол көтөрө баштаган.