Унаасындагы таштандыны арыкка ыргыткан киши изделип жатат

Социалдык тармактын колдонуучулары унаасынан таштанды алып чыгып, көчөдөгү арыкка ыргытып жаткан кишинин видео, сүрөттөрү менен бөлүшүп жатышат.

Милициянын кайгуул кызматынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жарандын изделип жатканын билдиришти.