«Ур-токмокко алып, телефонун тартып алышкан». Таласта милиция кызматкерлерин кыйноого шектеп жатышат

Талас ОИИБдин кызматкерлерин ур-токмокко алууга жана кыйноого айыптап жатышат. Бул тууралуу омбудсмендин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Талас облусундагы мониторингди жүргүзүүдө, аларга жергиликтүү тургун кайрылган.

Маалыматка караганда, 27-июнда аны көчөдөн 2 милиция кызматкери кармап, спирт ичимдигин ичкен-ичпегенин сураган. Ал ичпегенин айткан. Ага карабастан, милиция кызматкерлери аны сабап, наркологияга алып барууну чечишкен. Жолдон кайра ойлонуп, телефонун тартып алып, коё беришкен. Жабырлануучу эртеси Талас ОИИБдин башчысына кайрылып, кызматкерлердин мыйзамсыз иш кылганын айтып берген. 29-апрель саат 10:00дө ал окуяны териштирүү үчүн Канимет аттуу укук коргоо органынын кызматкерине жолуккан. Бирок ал да жабырлануучуну ур-токмокко алган. Буга нааразы болгон жабырлануучу колун лезвия менен кескен.

«Жабырлануучу милиция кызматкерлери аны негизсиз сабаган деп эсептейт. Ал Акыйкатчынын өкүлдөрүнөн окуяны териштирип, чара көрүүнү суранды. Азыр тергөө жүрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.