Урап түшкөн шахтанын астында калган 37 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды

Кечээ, 23-декабрда издөө иштеринин натыйжасында урап түшкөн шахтанын астында калган 37 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Эки күн мурда Сүлүктү шаарындагы “Ашымбай” шахтасы урап түшүп, 1 эркек киши калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге куткаруучулар, “Тез жардам” кызматы, милиция кызматкерлери жана шахтанын жумушчулары тартылган эле.