«Уруша кетип, бычак шилтеген». Ысык-Атада киши өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

17-апрелде Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан бычакталып, жаракат алган жаран түшкөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери жаракат алган адамдын аты-жөнүн аныкташкан, анын 1985-жылы туулган жаран экен белгилүү болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122 беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган жаран колго түшүрүлгөн. Бул окуя жарандардын ортосундагы чыр-чатактан улам келип чыккандыгы такталган. Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жаран Ысык-Ата районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, андан соң Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралган. Иштин жагдайына ылайык, экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр жүргүзүлүүдө.