“Уста” курулуш материалдар базарынын коммерциялык директору кармалды

“Уста” курулуш материалдар базарынын коммерциялык директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан «Уста» курулуш материалдары базарындагы чарба жүргүзүүчү субъекттерге ылайыктуу шарттарды түзүүнүн алкагында, ижарачылардан ижара келишиминде каралбаган акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу, ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында ар бир ижарачыдан ай сайын мыйзамсыз түрдө 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча каражатын чогултуп жүргөн базардын коммерциялык директору кармалды.

Мындан тышкары, ижара төлөмдөрүн 30 пайызга кыскартуу боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан, администрация кирешесинин азайышына жол бербөө жана салыктарды төлөөдөн качуунун максатында арендалык келишимдерде каралбаган кошумча акча каражаттарды алдамчылык жана мыйзамсыз түрдө ижарачылардан алууну уланткан. Ошол эле учурда базардын администрациясы жеке ижарачылар менен ижара келишимин түзгөн эмес.

Бул кылмыштуу аракеттери менен базар жетекчилиги ижарачылардан чогултулган акча каражаттарын мыйзамсыз чогулткан жана мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качкан. Ыкчам иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 7-январда коммерциялык директору кармалып, камакка алынган.