“Уулдарынан кийин өзүн өлтүрмөк”. Ошто эне 13 жана 11 жаштагы уулдарына чычканга каршы дары берүүгө шектелүүдө

Ошто милиция кызматкерлери ууландырылган 2 өспүрүмдүн өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарына Кара-Суу районунан барып, убактылуу Амир-Темир кичи шаарчасында жашап жаткан 1982-жылы туулган тургун өзүнүн 2009 жана 2011-жылы туулган балдарына ири көлөмдөгү димедрол дарысын берип, өлтүрүүгө аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган Ош ШИИБдин жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери окуянын чын экендигин көрүшүп, Тез жардам чакырган, андан соӊ ыкчам тергөө тобуна кабар беришкен. Тез жардам кызматы келгичекти милиция кызматкерлери балдарга суюктук беришип, ичин ири көлөмдөгү дарыдан тазалоого аракет жасап турушкан.

Окуя бүгүн, 27-сентябрда саат 16:30 чамасында болгон. Апасынынын берген көрсөтмөсүнө ылайык, ал балдарын өлтүрүп, андан соӊ өзүн өлтүрүүгө аракет жасай тургандыгын, балдарына чычканга каршы пайдалануучу дарыны жана димедрол дарыларын бергендигин айткан.

Учурда шектүүнүн үстүнөн ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Аялдын бул кадамга баруу себептери, диний-экстремисттик топтор менен байланышы жана психикалык абалы дагы текшерилүүдө. Алгачкы маалыматтарга караганда, балдардын апасы 1982-жылы туулган, күйөөсү менен быйыл ажырашып кеткен.

Учурда жабыр тарткан балдардын абалдары жакшы, ден соолугуна коркунуч жок.