6-июнь күнү Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Анын апасы Асел Азыкова уулун жалгыз тарбиялап келгендигин SuperTV каналына айтып берди.
«Атай тун уулум болчу. Атасы менен ажырашып кеткенбиз. Атасы кичинекей кезинен бери көргөн эмес. 10 жылдай убакыт өткөндөн кийин атасы көрөм деп май айында жазган. Бирок келген жок. Эми минтип өлүгүнө келди (ыйлап). Байкуш балам ата мээримин көргөн жок…
Мен өзүм 2-топтогу майыпмын. Баламды өзүм жалгыз тарбиялачумун. Эки жарым жылдан бери мен чоң ооруга кабылгам. Баш мээнин гидроцефалиясы менен жабыркайм, кулап калам. Атайым мага дем болчу. «Апа, сен жакшы болуп каласың, айыгып кетесиң. Биздин өзүбүздүн үйүбүз болот. Ошондо кичүү инимди алып келем» дечү.
Оорунун айынан экинчи турмушумдан да ажырап калдым. «Мени оорулуусуң» дешип, кичүү баламды алып коюшкан. Мага көрсөтүшпөйт, беришпейт. Атайым «чоңойгондо мен аны менен эркекче сүйлөшөм» дечү», — дейт Асел Азыкова.