Уулу кошунасы тарабынан зордукталганын айткан энеге милиция жооп берди

Бишкектин тургуну Наргиза Үсөналиева Акипресс агенттигине маалымат жыйын берип, кошунасын айыптап, милиция кызматкерлери чара көрбөй жатканын айткан.

Анын айтымында, 6-сентябрда анын 14 жаштагы уулу чалып, үйгө кайтуусун суранган. Ал үйүнө келгенде уулу кошунасы аны уурулукка айыптап жатканын айтып берген. Аял жолдошу менен байланышып, ал кошунасына барган. Кошунасы алардын уулу үйүнөн өспүрүмдүн 3 алтын шакек уурдаганын айтып, далил бар экенин билдирген. Аял милиция чакыралы дегенине көнбөгөн кошунасы «кошуна катары чечишип» алышарын айткан. Эртеси күнү шакектин баасын айтып, акча талап кыла башташкан.

Натыйжада Үсөналиева өзү айткандай, чыдай албай, уурулук фактысын далилдеп берүүнү талап кылган. Ага жашы жете элек бала уурулук боюнча күнөөсүн мойнуна алган видео көрсөтүшкөн. Башка эч нерсе болбогондуктан аял кошунасынын сөзүнө ишенген эмес. Уурулук боюнча айыпталган бала ата-энесине кошунасы аны бир жарым жыл зордуктап жүргөнүн айткан. Мындан тажаган өспүрүм ал кишиге ата-энесине баарын айтып берерин айткан. Анын айтымында, бул кошунасынын ачуусун келтирип, аны коркута баштаган.

Баланын апасы милиция зордуктоо боюнча арызды 13-күнү гана кабыл алганын айтууда. Ал кошумчалагандай, экспертиза баланын денесинде өзгөрүүлөр болгонун, ага карабай аларга кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. «Алты ай бою биз адилеттүүлүккө жетүүгө аракет кылдык, бирок майнап чыкпай жатат. Окуядан кийин депрессияга түшкөн балабыз үчүн коркуп жатабыз. Бийликтен биздин көйгөйгө көңүл бурууну суранабыз», — деди ал.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Свердлов РИИБге кайрылганыбызда, аялдын милицияга кайрылганын, 2008-жылы туулган уулун кошунасы алдамчылыкка айыптап, бир жыл бою физикалык жана психологиялык басым жасап жүргөнүн айтканын билдиришти. «Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Иш боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Кылмыштын курамы жок болгондуктан иш козгоо баш тартылган», — дешти.