«Уулумдан ажырап калганыма ишенгим келбейт» дейт Орусияда бычакталып өлтүрүлгөн 17 жаштагы жигиттин апасы

Москвада Кыргыз жарандары бычакталып, бири — 17 жаштагы жигит каза болгон. Шектүү катары төрт кыргызстандык кармалган. Каза болгон жигиттин сөөгү 26-мартта Нарын облусунун Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилген.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун апасы менен байланышканыбызда, атасыз өстүргөн уулун өлтүргөндөр жазасын алышы керектигин айтып, ыйлады. «4 бала өлтүргөн деп уктум. Атасыз өскөн баламды өлтүргөндөр жазасын алсын. Менин угушумча бул окуяга кыздардын да тиешеси бар экен. Кайним мага чалып, «мушташа кетиптир» деп кабар угузду. Эмне болгонун мен деле билбейм. Тергөө жүрүп жатат, баары айтылат дешти. Мен азыркыга чейин уулумдан ажыраганыма ишенбей жатам. Шектүүлөрдү уулум таанычу эмес экен. Атасы 10 жыл мурда жол кырсыктан каза болгон. Шектүү чыгып кеткен, мен анда жаш болчумун. Мен ушул окуя кайталанбашы үчүн акыйкаттык издейм, уулумду өлтүргөндөр жазасын алсын. Бул эмне деген мыкаачылык»,— деди апасы.

Маркум 3 бир тууган. Улуу эжеси жана иниси бар. Жакындарынын айтымында, анын Орусияга кеткенине 1 жылдан ашып калган.