«Уулуңуз бирөөнү сүзүп алды, 50 миң сом которуңуз». Баткенде жарандарды алдап, акча котортуп алууга шектүү кармалды

20 жаштагы жаран Баткен облусунун жашоочуларын алдап, акча каражаттарын котортуп алганы аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Баткен районунун Самаркандек айылынын жашоочусу 50 жаштагы жарандын 15 жаштагы уулунун уюлдук телефонуна белгисиз жаран чалып, “жездең болом, мен бирөөнү унаа менен койдуруп кеттим, мага тезинен 120 миң сом акча котор” деп чалгангандыктан, ага өзү жашаган айылдагы терминалдан 50 миң сом акча которуп, ал эми калган 70 миң сомду Баткен шаарындагы терминалдан которгондугун билдирип, кийин алданып калганын билгенден кийин милицияга кайрылган.

Ушул эле жылдын 5-март күнү Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын тургуну 37 жарандын телефонуна белгисиз жаран чалып, “уулуңуз бирөөнү унаа менен сүзүп салды, биз келишип алдык, ошондуктан тезинен 50 миң сом которуңуз” деп айткандыктан, ага терминал аркылуу акчаны которуп, кийин алданып калгандыгын билип, милицияга арыз менен кайрылган.

Бул фактылар Баткен жана Лейлек РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Баткен ОИИБдин жана Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 17-март күнү Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылынын тургуну, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 20 жаштагы жаран экендиги аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.