«Уурдалган акчаны эс алуучу жайларда короткон». Ошто чак түштө 542 миң сом, 350 миң теңге уурдалган

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы үйлөрдүн биринен ири суммадагы акча каражатын уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун тургунуну арыз менен кайрылып, белгисиз жаран 28-февраль күнү түштө анын үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып уурулукка кирип 542 миӊ сом, 350 миӊ тенге акча, бир нече алтын жана бриллианттан жасалган сөйкө-шакектерин жана 2 телефонун уурдап кеткендигин билдирген.

Кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1998-жылы туулган тургуну 20-март күнү кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 22-март күнү Ош шаардык соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин камакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.

Шектүү өз көрсөтмөсүндө уурдалган акчаларды жана баалуу буюмдарды Бишкек шаарына алып барып өз кызыкчылына жумшап, түрдүү эс алуучу жайларда иштетип жибергендигин билдирген. Учурда шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө жана ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу иликтенүүдө.