Ала качып кеткен кыздын өлтүрүлүшү. Кызды уурдоого шектелгендердин бири кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан адам уурдоого шектелген жарандардын бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан борбордун аймагында 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованы уурдап кетүүгө шериктештердин бири аныкталган. Ыкчам маалыматты жүргүзүү учурунда адам уурдоого шектелип 1992-жылы туулган Р.А., кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 98-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

«Криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери уурдап кетүүгө шектелген калган 2 жаран тууралуу толук маалыматтарын аныкташты. Учурда эки шектүүнүнүн турган жерин аныктоо жана камакка алуу иштерин улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Айзада Канатбекова 5-апрелден бери ала качып кетти делинип изделип жаткан. Бүгүн, 7-апрелде кыз менен аны ала качкан жигиттин сөөгү табылды. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча ала качкан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө-өзү кол салган.