Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова. Адвокат милицияларга козголгон иш создуктурулуп жатканын айтты

Айзада Канатбекованы ала качууга шалаакылык кылган милиция кызматкерлерине козголгон кылмыш иши созулуп жатат. Бул тууралуу журналисттерге жабырлануучу тараптын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын тергөөчүлөрү милиционерлер менен бир дагы процессуалдык чара көргөн эмес. «Бул иш созулуп жатат. Балким УКМК бул ишти жаап салгандыр, бизге тергөө жүрүп жатат деген каттарды жөнөтүп жатышат. Жада калса биздин күбөлөр да суралган жок. Айзаданы издөөгө бүтүндөй жеке курам топтолуп, 200 адам тартылган деген маалымат калп», — деди ал. 

Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен. Окуя болгондогу видео соцтармактарга тараган. Эки күндөн кийин уурдаган жарандын жана кыздын жансыз денеси унаадан табылган. Кийинчерээк кызды өлтүрүү боюнча кылмыш иши жабылганын айтылган. Буга өлтүргөн жарандын кошо каза болгондугу себеп болгон. Ал эми адам уурдоого шектелген 5 жарандын иши сотко өткөн. 14-сентябрда дал ошол жарандарга карата сот өкүмү чыккан.