Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова. Милициянын шалаакылыгы боюнча иш кыскартылган эмес

Буга чейин Айзада Канатбекованын өлүмүнө алып келген милициянын шалаакылыгы боюнча кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан токтотулганын адвокат Нурбек Токтакунов жазып чыккан эле.

Бул боюнча Башкы прокуратура үн катып, иш кыскартылбаганын, өзгөчө көзөмөлдө экендигин айтып, адвокаттын сөздөрүн четке какты. «8-апрелде Бишкек шаарынын прокуратурасы борбор калаанын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин «Шалаакылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү каттады. Учурда кылмыш иши УКМКнын шаардык администрациясында тергөө стадиясында жана прокуратуранын көзөмөлүндө”, — деп айтылат маалыматта. 

Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен. Окуя болгондогу видео соцтармактарга тараган. Эки күндөн кийин уурдаган жарандын жана кыздын жансыз денеси унаадан табылган. Кийинчерээк кызды өлтүрүү боюнча кылмыш иши жабылганын айтылган. Буга өлтүргөн жарандын кошо каза болгондугу себеп болгон. Ал эми адам уурдоого шектелген 5 жарандын иши сотко өткөн. 14-сентябрда дал ошол жарандарга карата сот өкүмү чыккан.