Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова. Шаардык сот буга чейинки өкүмдү күчүндө калтырды

Бүгүн, 21-январда Бишкек шаардык сотунда Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча соттук териштирүү аяктады.

Анда жабырлануучу тараптын жактоочулары ар бир айыпталуучудан 100 миң сомдон материалдык зыян катары төлөп берүүсүн суранышкан. Ал эми үч соттолгон жарандын адвокаттары аларга карата актоо өкүмүн чыгарып берүүнү өтүнүштү. Дагы эки жаранга пробациялык көзөмөл колдонуу суралган. Кеңешүү иш бөлмөсүнөн чыккан соттук коллегия биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырылган өкүмдү окуду.

Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин уурдаган жарандын жана кыздын жансыз денеси унаадан табылган. Адам уурдоого шектелип 5 жаран кармалган жана 14-сентябрда дал ошол жарандарга карата сот өкүмү чыккан. Үч айыпталуучу жети жылга, эки айыпталуучу алты жарым жылга эркинен ажыратылган. Күнөөлүүлөр Айзада Канатбекованын жакындарына моралдык жана материалдык зыян үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилген.