Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча соттун өкүмү чыкты

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда маркум Айзада Канатбекованын уурдоого шектелгендерге сот өкүм чыгарды. Соттук отурум онлайн режимде өттү.

Белгилей кетсек, айыпталуучулардан бешөө — Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов, ошондой эле Орузбек Нурумбетов. 

Соттун чечими менен Сыймык Молдосариев Жазык кодексинин 170-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды.

Орузбек Нурумбетов Жазык кодексинин 170-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды.

Ажыкабыл Рысбай уулу Жазык кодексинин 170-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды.

Замирбек Раманкулов Жазык кодексинин 170-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 6 жыл 6 айга жылга эркинен ажыратылды.

Кубаныч Токон уулу Жазык кодексинин 170-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 6 жыл 6 ай 20 күнгө эркинен ажыратылды.

Күнөөлүүлөр Айзада Канатбекованын жакындарына моралдык жана материалдык зыян үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилген.

Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен. Окуя болгондогу видео соцтармактарга тараган. Эки күндөн кийин уурдаган жарандын жана кыздын жансыз денеси унаадан табылган. Кийинчерээк кызды өлтүрүү боюнча кылмыш иши жабылганын айтылган. Буга өлтүргөн жарандын кошо каза болгондугу себеп болгон. Ал эми адам уурдоого шектелген 5 жарандын иши сотко өткөн. Бүгүн дал ошол беш шектүүгө карата сот өкүмү чыкты.