«Уяттуу жерлерин кармалап, күч колдонуп…». Жалал-Абаддагы СИЗОдо кармалган аялдар кызматкер тарабынан ыдык көргөнүн айтышты

Жалал-Абад шаарынын убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан аял киши тергөө абагынын кызматкери (аял киши) тарабынан ыдык көргөнүн айтып арызданган. Бул тууралуу кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү 30-августта Жалал-Абад шаарындагы №53 убактылуу кармоочу жайына профилактикалык текшерүү үчүн барышкан. Анда СИЗОнун кызматкери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кадыр-баркты басмырлоо жана тергөөдө жүргөндөрдүн укуктарын одоно бузуу боюнча абакта отурган беш аял нааразычыгын билдиришкен. Аялдардын биринин айтымында, кызматкер анын уяттуу жерлерин кармалаган. Муну токтотууну сураганда, түрмө кызматкери одоно түрдө «кармалгандарга ушундай мамиле кылуу керек» деп айткан. Башка аялдар да дал ошол кызматкердин аларды басынтып, күч колдонуп, өзүн жакшы сезбегенине карабай оор көнүгүүлөрдү аткарууга мажбурлашканын айтышкан.

«Кармалгандардын биринин айтымында, ал жуунганда эркек коштоочулардын (конвои) алдында чечинүүгө мажбур болгон. Аялдарга жеке гигиена каражаттарын колдонууга тыюу салынат, СИЗОнун кызматкери аларга жеке буюмдарын берүүнү же бербөөнү өзү чечет», — деп айтылат маалыматта.

№53 тергөө абагында мыйзам бузуулардын бардык фактылары боюнча акт түзүлдү. Чара көрүү өтүнүчү менен прокуратурага кайрылышкан.