Уюлдук аппараттарды мыйзамсыз каттагандар кармалды

Уюлдук аппараттарды мыйзамсыз каттагандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Мамлекеттик идентификациялоо системасын ишке ашыруунун алкагында мобилдик телефондорду алып келүүнүн жана каттоонун белгиленген эрежелерин одоно бузуу фактыларын аныктады. Маалыматта айтылгандай, бекитилген идентификациялык жол-жоболорго ылайык, өлкөгө сатуу же башка ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүү максатында импорттоодо аппараттардын негизги бөлүгү импортерлор тарабынан катталууга тийиш. Ошого карабастан, телефондорду бажы жол-жоболорун кыйгап каттоо фактылары, ошондой эле жеке адамдар тарабынан МСКнын талаптарын жана иштөө шарттарын бузуу менен мобилдик түзүлүштөрдү баш аламан каттоо схемасы уюштурулуп, кеңири жайыла баштаган.

Буга байланыштуу 16-октябрда атайын иш-чаралар өткөрүлүп, анын натыйжасында 96-беренеге ылайык, жогоруда аталган мыйзамсыз иштердин негизги төрт юштуруучусу кармалды. Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча аракеттер көрүлүүдө.