Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар Таластагы аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды

Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана маркум Камчы Көлбаевдин жашырылган мүлкүн аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө «Натур Энержи» ЖЧКсынын директору А.у.А. Камчы Көлбаевдин жакын адамы — Р.Т.К. менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталды.
Аталган компанияга Талас облусунун Айтматов жана Талас райондорунда жайгашкан аңчылык жерлери таандык болуп, алардын жалпы аянты 423 миң 966 гектарды түзөт. Ал эми Талас облусунун жалпы аянты 1 миллион 140 миң гектарды түзсө, облустун 1/3 бөлүгүн аңчылык жерлери ээлейт. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган аңчылык чарбалар Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын балансына өткөрүп берилди жана биоресурстар 4 миллион 465 миң 550 сомго бааланды.