Уюшкан кылмыштуу топтун 5 активдүү мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облусунда жана Сузак районунда 2020-жылдын октябрь айында орун алган атышууга катышкан уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кармалган үч адамга карата Жалал-Абад облустук соту тарабынан УКМК Ош шаардык башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды. Калган эки адам азык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын УКМК убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, аталган кылмышка Чач каймана аты менен таанымал кримтөбөлдүн түздөн-түз тиешеси бар экендиги жөнүндө кошумча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган.