Уюшкан кылмыштуу топтун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал буга чейин алдамчылык фактысы менен издөөдө жүргөн. Ушул жылдын 6-март күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жана Сокулук райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен 46 жаштагы аттуу жаран кармалды.

«Ал Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган. Белгилеп кетүүчү жагдай, кылмышка шектүү жаран буга чейин бир нече кылмыштарга шектелип,  жоопкерчиликке тартылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда«, — деп айтылат маалыматта.