«Уюштуруучусу качып кеткен». Орусияда баңгизат менен кыргызстандыктар кармалды

Челябинск шаарында «Мыйзамсыз мигрант» операциясынын алкагында Өзбек, Тажик жана Кыргыз жарандары катышкан кылмыштуу баңги коому жок кылынды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин облус боюнча башкы башкармалыгынын Telegram-каналында маалымдалды.

«Милиция кызматкерлери Өзбек, Тажик жана Кыргыз жарандары болгон кылмыштуу баңги коомунун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. 24 адам камакка алынган. Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүнүн уюштуруучусу жана анын эки жардамчысы издөөгө алынган», — деп айтылат маалыматта.

Айыпталуучулар 75тен кем эмес кылмыш жасагандыгы, баңги затын жашырган жайлар Челябинск, Москва, Свердловск, Курган, Самара облустарында, Пермь аймагында жана Москва шаарында жайгашканы аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөөнүн жыйынтыгында полиция мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы суммасы 15 миллион рублдан кем эмес 5 килограммдан ашык героин жана метадон алган.