Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиев кармалды. Ал өлкөдөн качууга аракет кылган

Көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган улуттар аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жарандан акча талап кылуу фактысы боюнча кайрылган арыздын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү жетектеген “Веб-кам” деп аталган студиялардын ири тармагынын ишин координациялаган улуттар аралык туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Жаран аталган студияладын оператору болуп туруп, эмгек тартибин бузгандыгы үчүн администратор тарабынан психологиялык басымга кабылып, ал тарабынан физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен арыздануучудан 2 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган. Бул маалыматтар шектүүгө таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда акчалай сыйлыкка интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 компьютердик техника болгон.

Белгиленген топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагынан бул жаатта иштөө үчүн шектүү тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган “моделдер” делген кыздарды тартууну уюштурушкан.

«Операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт. Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин бетин ачкан буюм далилдери алынып, бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Өзү кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 31-майда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланган жана андан кийин УКМКнын талабы менен БАЭге учууга аракет кылып жаткен жеринен Өзбекстандын аймагынан кармалды. УКМК менен Өзбекстандын компетенттүү органдарынын координацияланган иштеринин натыйжасында 4-июнда кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүп берилди», — дешти.