«Вефа» соода борборунан чыккан өрттөн борбордун желдеткич, чатырлары күйүп кетти

Бишкектеги «Вефа» соода борборунан чыккан өрттөн чатыр, желдеткичтер күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

 

«Алдын ала маалымат боюнча, «Вефа» соода борборундагы эң үстүнкү желдеткичтери, чатыры болуп жалпы 20 чарчы метр күйүп кеткен. Өрт саат 14:13тө чектөөгө алынып, ӨКМнын кызматкерлери тарабынан жарандар эвакуацияланган. Жабырлануучулар жок, өрт өчүрүү иштери жүрүүдө», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, буга чейин «Вефа» соода борбору өрттөлүп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.