Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Темирбек Эркинов камакта калтырылды

Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Темирбек Эркинов 3-июлга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Биринчи Май соту кечээ, 4-майда чыгарган. Маалыматты аталган райондук сотунан тастыкташты. 

Анын буга чейин кармалганы жана коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган, бирок чоо-жайы азыркыга чейин белгисиз.