Ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысы кармалды (видео)

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысынын коррупциялык иштери тууралуу маалыматтар алынган. Тактап айтканда, ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, арыз ээси этап-этабы менен 6 миң жана 3 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын башчыга өткөрүп берген. Андан ары С.Ж. арыз ээсинин маселесин оң жагына чечүү максатында андан 2 миң доллар өлчөмүндөгү сумманын калдыгын талап кылган.

16-ноябрда жабырлануучу 1500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айында Кытайлык заводдун өкүлү — А.М. тиешелүү реестрге киргизүү максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгына документтерди тапшырган. Ошол учурда башкармалыктын башчысы С.Ж. жеке сүйлөшүү учурунда А.Мдан акча талап кылган.