Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, жол кырсык кечээ, 26-июлда саат 06:00 чамасында Бишкек — Ош жолунун 217-чакырымында катталган. Анда Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уктап кетип, Токтогул районунун аймагында жол четиндеги тосмону сүзүп алган.

«Унаанын айдоочусу жаракат алган эмес. Ичиндеги 3 жүргүнчү райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды»,- деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.