Видео үчүн жүрүп бара жаткан унаанын үстүндө отурган кыз. Айдоочу айыпка жыгылды

Социалдык тармактарда видео үчүн жүрүп бара жаткан унаанын капотуна отуруп алган кыздын видеосу тараган.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы маалымат таратып, кызматкерлер тарабынан Тойота Камри унаасы айып короого токтотулганын билдиришти.

Айдоочуга бейбаштык беренеси боюнча 15 миң сомго айып протоколу толтурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.