Видео үчүн өч алуу. Москвада кыргызстандыктар блогерди уурдап, ур-токмокко алышкан

Москвада кыргызстандыктар блогер-жердешин уурдап, ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка караганда, ал видеолорунда күйөөсү бар аялдардын чыккынчылыгын ачыкка чыгарган үчүн аны шаар четине алып барып, бир нече күн сабашып, кечирим суроону талап кылышкан. Жабырлануучу бошонгондон кийин милицияга барып, августтун аягында 20 жаштагы Аббос аттуу кыргызстандык жигит полицияга уурдоо жана кыйноо тууралуу арыз менен кайрылган. Мекендештеринин арасында динчил мусулман үй-бүлөлөрүнөн чыккан аялдардын чыккынчылыгын ашкерелеген блогу менен таанылган жигит интернеттеги сүйлөгөн сөздөрү үчүн бир нече күн сабалганын айткан.

Кол салууга ал Америка Кошмо Штаттарында жашаган белгилүү бир Шамшимамаддын үй-бүлөсү жана аялы жөнүндө айтканы себеп болгон. Жабырлануучунун айтымында, таанышы аны жолугууга жана  түшүнбөстүктөрдү талкуулоого чакырган. Белгиленген жерден эки адам тосуп, аны унаага отургузуп, сабап башташкан. Андан кийин блогерди Москванын чет жакасындагы жерде машинада, токойдо сабашкан. Шектүүлөр кармалып, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 12-беренеси «адам уурдоо» боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар 5 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.